Мобилизация жарыялангандан бери орусиялыктардын санаасы арбыды. Анткени буга чейин жөн гана согушту орус пропагандалык каналдарынан көрүп, пиво ичкенче украиндиктерди “бендер, хохол, укроп” деп сөгүп отурушкан. Жадагалса бул жакта туруп алып , Путин менен анын командасына ичи чыкпай, “мына мен болгондо кыйратат элем” дегендери да көп болчу. Алар го мейли, орус экен. Биздин көзү жымшык “орустарга” эмне жок десең аларга жан талашып. “Жакында Киевти алабыз” дегеничи! Мына эми жалпы СССР ностальгиясы менен жашагандар үчүн эбегейсиз чоң мүмкүнчүлүк жаралды. Родина-Мать зовет! Эми согушту көгүлтүр экрандан эмес, жанынан көрүп, катышсаңар да болот.
Орусиядан башка согушту эң көп романтикага айлантып, ата-мекендик киноматографияны жалаң согушка арнаган бир да өлкөнү билбейм. Согуш кинодогудай жылтырак эмес, ал чыныгы реалдуулук. Болгондо да жүрөктүн үшүн алган реалдуулук. Согуш гана көрө берген эл өндүрүш, өсүү, илим-техника, адеп-ахлактан артта калат. “Патриотизм күчөйт да” деп айтышыңар мүмкүн. Кана ошол “патриоттор”? Тимеле “мобилизация болсо, очурутка туруп каалоочулар райондук аскер бөлүкчөлөрүн каптап кетет” дебеди беле? Баары чилдей тарап жатат. Учак билеттерин алдын ала бир ай мурун сатып алып коюшкан. Эптеп эле качмай. Европа кабыл албай жаткандыгына байланыштуу үчүнчү өлкөлөр аркылуу качуу же ошол өлкөлөрдө калып калуу аракетин жасап жатышат. Бирок аларга деле убал жок, анткени убагында өз бийлигин конструктивдүү сындап, түздөгөн эмес. Жыл сайын сырдалып, бирок от албаган жана КАМАЗдарга жүктөлгөн темир-тезектердин “сырдуу күчүнө” ишенген. Зомбо-жащикке айланган пропаганданын уусуна суугарылган. Европанын эң алдыңкы немистери кантип фашист болсо, Орусиянын эли жана аларга жан тарткандар да дал ошондой таризде манкуртташкан. Учурда алардын бийликке каршы чыгып, олуттуу бир бурулуш кылуусуна көзүм жетпейт. Анткени революция алгач көчөдө эмес, аң-сезимде болуш керек.
Мигранттарыбыздын да көңүлү тынч эмес. Жарандык алып алгандары толтура. Ооба, алардын көпчүлүгү “Жыргагандан кеткен жокпуз да. Жумуш жок, завод-фабрика куруп бербейби мамлекет. Айласыздан пособиеси, айлыгы , пенсиясы көп болгон, төрөсөң энелик капитал менен камсыздаган, ипотекалык үй тараткан жана жумушка оңой киргизе алган орус паспортун алганга шаштык да” деп айтышы мүмкүн. Ал жагы туура, бирок андай болсо жыргалыны көргөн соң, ошол Мекениңдин ордуна сатып алган “Родинаң” үчүн чыдап кой эми. Чыда, башка айлаң жок. Анткени арзыбаган дүнүйөнү кууп, бөтөн жерде, бөтөн элде жүрөсүң. Балдарың орусча сүйлөйт жана Кыргызстанга баргысы жок. Өзүнө окшогон жымшык көздөрдүн көчө шыпырганын көрсө, орус досторунан уялат, же алар менен биригип алып шылдыңдайт “чурка” деп. Аны туугандарга айткандан уяласың, алар болсо орусча сайраса тимеле суктанышат. Айылдан үй салып , үй той бергенсиң, бирок ал жерде жашабайсың. Кыргызстанда деле жумуш бар, бирок аны тоготпойсуң “айлыгы аз” деп. Ошол аз айлыкка чыдап Орусиядагыдай тытынбайсың. Жайы менен иштеп келген акчаңды алып келип, кышы менен улак, той, шеринелеп жүрсөң, анан кантип айлык жетсин. Ушул эле жерде башка улуттар жыргап эле жашап жатат. Бир дунган же уйгурдун Москвада көчө шыпырганын укпадык. Өзүңдүн жашооңо өзүң кайдагы жапайы жана ыксыз каада-салт, үрп-адаттарды жыйып алсаң, ага мамлекеттин эмне күнөөсү бар? Мурунтан бери айтып келебиз, Орусия ар дайым эле сүт көл, май көл болбойт. “Россия-щедрая душа” деген дагы бир чекке чейин эле.
“Брат” деген тасмада бир таксист Мекен жөнүндө мындай дейт: “Родина, ты говоришь?! Сейчас Родина-это где ж..па в тепле”. Орой угулганы менен, мен учурда мигранттардын баары болбосо да, көпчүлүгү өз жашоосунда карманган негизги принцип ушул реплика аркылуу даана чагылдырылган деп ойлойм. Азыр кыргыз курсагы ток, комфорту бар жерди байырлап, ал жерди Мекен кылып алды. Ооба, азыр кыргыздар кайда гана кетпеди. Бир аз времянка салып, он чакты кой кылып алсам деп кеткен кыргыз заңгыраган хансарай салып, жолтандабас минип, жүздөгөн бука байласа да, кайра Мекенге кайтайын деген ою жок. Анткени ал жакта жашоо жеңил, ыңгайлуу. Жумушка барып келесиң, душ бар, курсакты тойгозосун, кыргыздар көп, өзүңдү жат деле сезбейсиң. Бирок баары бир бөтөн элдесиң да. Бекеринен ата-бабабыз “бөтөн жерде султан болгуча, өз элиңде ултан бол” дебесе керек эле.
Баткен окуясынын жылдан жылга күчөп жатканынын себеби да дал ушул миграция маселеси. Кыргыздар улам үйлөрүн сатып, Бишкек же Москвага кете берип, алардын ордун тажиктер ээлеп жатат. Башкача айтканда ар бир чыңалуу жаралган сайын жергиликтүүлөрдүн көчү күчөгөндөн күчөгөн. Мамлекет жабыркагандарга акчалай жардам берүүсү катачылык, анын ордуна ошол үйүн тургузуп, шарт түзүп берсин. Кыргыздын көбү кредиттин укуругунда, андан чыгууну да каалабайт. Мамлекет жана жарандык коомдон алган акчасын кредитке берип, күйгөн үйүн эптеп пулдап туруп Чүйгө келип алат. Чек араны болсо, жалгыз аскер кайтарып отурат. Жыл сайын безилдеп жатабыз: “Чек араны аскер эмес, зым эмес, бетон эмес, эл коргойт”. Жашаган элиң болбосо, мага десе укмуш куралың болсо да коргой албайсың. Акырындык менен жылып келе берет. Бирок абал өзгөрүп жаткандай. Акыркы окуялардан кийин Баткендик аксакалдардын “кетпейбиз” дегени кыйла дем берип жатат. Ошондой нарктуу, намыстуу, курсагы менен гана ойлонбогон аксакалдарыбыз көбөйсүн.
Болбосо бели ката элек улан-кыздарыбызды экспорттоого күнөлүү болгон дал ошол ата-энелер. “Элдин баласы той кылды, элдин баласы үй салды, элдин кыздары эле атасын багып жатат, баланча энесине шуба кийгизиптир” деп жүрүп жаштарыбыз жаштыгынан, ден соолуктан, илим-билим, өнүгүүдөн куру жалак калды. Ата-энелерибиз “Тойсуз деле жашасак болот, эски болсо да үйүбүз бүтүн эле го, жаңысын салып эмне кереги бар? Кыздарымдан же аялымдан келген акчага жашагандан көрө туалет казып болсо да аны бакканым артык, балам Москванын суугунда тоңуп жүрсө, мен кантип уялбай шуба кием? Балдары ата-энесин жылдап көрбөй кусалыкта тарбиясыз өсүп жатса, кантип балама шерине өткөзгөнгө акча сал дейм” десе, мына ошондо оңолобуз.
Динибизде да “миграция” бар, бирок ал динин сактап калуу үчүн көчүү-хижрат деп аталат. Бирок биздин мигранттар ал категорияга кирбейт, анткени биздеги дин эркиндиги бир топ жогору. Сахабалар же ата-бабаларыбыз деле соода-сатык кылып башка жерлерге барган, бирок ал жерде биротоло калып кеткен эмес. Мисалы, Умар ибн Хаттаб же Салахуддин Аюбий, же болбосо Алымбек Датка менен Ормон атабыз кара курсак үчүн башка жерге биротоло жайгашканын элестете албайбыз. Жадагалса Үркүндө орустан качкан кыргыздар да кайра өз Мекенине кайткан. Ооба, четке чыгып кетүүгө мажбур болгондор болгон, бирок алардын бири да кара курсак үчүн Мекенин таштаган эмес. “Оруска тизелегенден көрө четке кеткеним оң” деп Мекенин сагынып жүрүп өлгөн Абдылдабектин урпактары- кыргыз жаштары, азыр дал ошол орустун жарандыгын алып жашаганды жашоосунун маңызы катары көрөт. Кыргыз жаштарынын Мекен түшүнүгүнүн ордун “Америкага барып трак айдайм, Англияда кулпунай терем. Грин-картага кантип өтсөм, Германия же Кореяга кантип кетсем” деген кызыкчылыктар ээлеп жатат. Ар бир кыргыз үй бүлөдөн улуттук саясатты жүргүзүшү керек. Балдар телефондогу орусча мультфильмдерди эмес, “Курсак тоет, Мекен табылбайт. Биз кылымдар бою карманган динибиз, сүйлөгөн тилибиз, тутунган каада-салт, нарк-насилибиз менен сакталып жатабыз” деген сөздөр менен чоңойсун. Кыбылабыз курсак, үй, эмерек, жаңы унаа болуп баратканын баарыбыз эле сезип жатабыз. Курсактын гана камы менен жашаган адам, ошол курсактан чыккан нерсенин деңгээлинде гана жашайт. Мекен-бул сен жана мен, анын саны азайган сайын, өзү да азаят.
Урматым менен, Нуриет Абдулазиз