Ырчы Айпери Кубик кызы кайра-кайра турмушка чыкканын сынга алгандарга жооп кайтарды. Ырчынын айтымында турмуштан ажыраган көптөгөн аялдар анын турмушка чыкканын көрүп, мотивация алып, кайрадан турмушка чыгууга каалоосу пайда болгонун айткан:
“Менин турмушка чыкканым интернетте ар кандай тема менен чыгыптыр. Бирөөсү “үчүнчү жолу чыкты” десе, башкасы жөн эле “турмушка чыкты” деп жазыптыр.
Ошол маалыматтар тарагандан бери турмуштан ажыраган көптөгөн айымдар мага кайрылышты.
Сенин турмушка чыкканыңды көрүп биз кубандык, бизге чоң мотивация болдум деп. 6-10 жылдан бери жүргөндөр дагы жазды. Алардын бирөөсү “ата-энесинен уялып турмушка чыкпай жүргөм” деди. Дагы башкасы “күйөөдөн түңүлгөм, эми турмушка чыгууга каалоо” пайда болду деди”.–деген Кубик кызы.
- Advertisement -