Эстрада ырчысы Айгерим Расул кызы Орусияда өткөн “Дүйнө айымы” сынагында баш байгени багындырганын өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.
“Ураа! Жеңиш биздики. Алаахымдын каалоосу, элибиздин батасы менен “LADY WORLD” сынагында баш байгени утуп, “Дүйнө айымы” аталдым”, – деп жазды ал.
Ырчы буга чейин аталган сынакка 12 өлкөдөн 40 катышуучу чоң байгеге ат салышарын билдирген. Ошондой эле “Дүйнө айымы” сынагына Кыргыз өлкөсү биринчи жолу катышып, ага алгачкылардан болуп бара жатканына сыймыктанарын айткан.
Ал арада бул сынактын уюштуруучулары ким, санкцияга кабылган Орусия Федерациясында кандай жагдайда дүйнөлүк конкурс өтүп жатканын жана бул конкурстун рейтинги жөнүндө көптөгөн суроолор жаралды.
- Advertisement -
Айрым колдонуучулар Расул кызы катышкан конкурсту “кемпирлердин сулуулук сынагы” деп сынга алууда.