Кечээ интернеттен бир видео көрүп калдым. Баягы үнү чыйылдаган кара кыз тим эле өзүн жылдыз сезип, шумдуктуу маек берип жатат.
Нурсултан Малдыбаев жөнүндө суроо берсе “артымдан чуркап жүргөндөрдүн бири” деп жатат. Кара кыз кайсыл жагы менен ойлонот өзү?
Өзүн ким деп ойлоп жатат? Жаш кыз болсо сөз айтканы, көз артканы болот. Колун сурап, сүйүүсүн арнаганы болот. Буларды коомго ачыктаганы өзү акылынын кыскалыгынан кабар берет эмеспи…
Нурсултан иним, эсиң болсо ушул кара кызга жолобо! Сени жыргатпайт бул.
- Advertisement -
“Болор бала богунан” демекчи бул болбогур минтип жүрүп Анжеликанын эле жолунан кетчүдөй болуп калды. Андайдын чыгармачылыгы да куру хайп менен өсүп-ылдыйлап, турмушу да талкаланып ара жолдо калып кетет эмеспи. Чыгармачылыкта ийгилик жаратымыш сымал болуп, бирок турмушу бактысыз болуп калат көбүнчө.
Буга мисал Шайыр Касымалиева, Клара Алибекова, Саламат Садыкова, Гүлшайыр Садыбакасова, Асель Кадырбекова, Айпери Калыкова… дагы айта берсең көп.
Ал эми чындап музыкалык билим алып, турмушу менен эмес ыры менен таанылган ырчы болсо эл анын өнөрүн сыйлап, өзү эле көтөрүп алат. Артынан жаман сөз ээрчибейт. Турмушун талкуулабайт.
Москвада эмгектенген
сенин күйөрман эжең ⏸️
Мавлюда Маратбекова
30-июнь, 2024-жыл