Түрк кулу болбой Алла Тааламдын кул пендеси бололу! Анан түрк бийлигин көп коргой бербегилечи! Андай эле мындай эле, бармак бирок … деп… Келгиле андан көрө дуа кылалы!
Мындай пикирин Ислам Университетин проректору Марс Ибраев билдирди. Ал ошондой эле Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоганды катуу сынга алды:
“Дуа кылалы! Бирок түрк бийлигине окшогон популисттик кадамдар менен элди көп алдабоо керек. Кийлигишпейби Эрдоган? Аскер жибербейби? Жөн эле элди аянттарга топтоп өзүнө саясий упай топтобой… Жан кашайганда жаздым. Чарчадым ушул сымал мусулмандарга зулум кылып б.а. өз элине анан сырт дүйнөгө үйүндө олтуруп алып бакыргандардан. Биз карапайым элбиз, бирок саясий бийлике ээ болгон Эрдоганга окшогондор эгер каалашса жакшы эле погода кылышмак, бирок увы…”
Эрдоганды коркок жана популист деп атады:
- Advertisement -
“Ал коркок! Үйүндө баатыр жоодо жок, алсыз популист бир заалым падыша сөрөй. Жаман көрбөгүлө! Билгендигим үчүн жазып жатам. Газза үчүн баарыбыздын жаныбыз, ичибиз күйүп жатат. А Түрк элине болсо андай оюм жок”
Булак: @mekendesh_kg_ru