Мен көп жылдар бою Москвада такси кызматында иштеп, миграцияда жүрдүм. Үй-жай күтүп Бишкекте жүрүп калдым да, кайра Москвага кайтканга мүмкүнчүлүгүм болбой калды. Бишкекте эле таксоватетип баштадым, башка жумуш колдон келбейт.
Мурда менде Москвадагы кыздар бузулган, жалаң бузулгандар барат, ата-энеси бул жакта жатып, кызын иштегени жиберет, кызы бузулат деп ойлочумун. Бирок, азыр Бишкектеги кыздарды көрүп ошол ойлорум өзгөрө баштады.
Сөздү көбөйтпөй бир эле баштан өткөн окуяны айтып берейин а сиздер жыйынтыгын өзүңүздөр чыгарып алыңыздар…
- Advertisement -
Таңкы саат 4:30дар чамасында мейманканалардын бирине заказ түштү. Оюмда аэропортко жиберсе керек дедим. Себеби, таңга жуук көбүнчө аэропортко заказ берчү эле да. Айтылган жерге барсам бир индус улутундагы жигит жана кыргыз кызы чыкты. Биринчи точка индустар жашаган Турусбеков-Чүй көчөлөрүнүн артындагы жайга белгиленген эле. Индусту жеткирип, кийинки точкага кызды жеткирмекмин.
Кызды уяткарсамбы деген ой келет, бирок унчуга албай тилди тишке каттым. Индус ошентип түшүп калды. Кызды алып белгиленген Арча-Бешик тарапка алып жөнөдүм. Ал кыз подрушкасына чалып, индусту кантип “лоховать” эткенин кобурап айтып берип жатты.
Көрсө 3-4 күн мурда кафеден таанышкан индусту ошол түнү “тейлептир”, гостиницага барып белегин алыптыр… мен түшүнгөн жерлери ушул, себеби көп сөздөрдү тергеп айтып жатты.
Сөздүн аягында “айфон өндүргөнүн” жарыла мактанды. Тиги подрушкасы да укмуш мактап жатканы чала-була угулуп калып жатты.
Аттиң….
Кыздын намысы бир айфонго бааланган экен…
Оюма келгени ошол гана болду. Башка нерсе айта да, ойлоно да албай туруп калдым.
Айтканда эмне өзгөрмөк эле деп чечим чыгарып кызды эртерээк жеткирчү жерге алып барууну туура көрдүм.
Муну менен мен эмнени айткым келет? Мындай окуялар аябай эле көп. Бул жактагы бузулуп жаткан эже-карындаштарыбызды көрүп, Москвадагылар (анча-мынча бузулган кыздарды кошпогондо) периште эле болуп калат экен!