Мен 5-6 жылдан бери Москвада иштеп жүрөм. Балдарым апамдын колунда. Атам каза болгон. Айылда эң кичүү үкөм калган. Балдардын тамак-ашына, кийим кечесине, апамдын кем-карчына, иниме бираз жардам болсун деп ай сайын салган акчамдан бөлдүрүп берем. Калганын сактап койгула деп катуу дайындайм. Үй-жайым бүтсө, өлкөмө кайтсам деп мугалимдик жумушумду таштап миграцияда жүрөм да.
Ушул акыркы айларда апам чалып, бул жакта бирөө кызын берди, уулун үйлөдү, баланча көзү өтүптүр, абаң кызын берип жатат” деп көп чалчу болду. Макул деп ала бериңиз деп коём. Акылга айтсаңыз берет деп дайындайм.
Кечээ жакында апам ватсапптан аудио жибериптир, балам үкөң Акылбек мага себетке акча бербей жатат. Сарпайга да бербей койду деп ыйлагысы келип, таарынып жазыптыр.
“Жалгыз апаңар туруп, жакшылык-жамандыкка акча бере албайсыңарбы? Эл-журтка уят болобуз, тууган уруктан бөлүнөбүз! Эл караган жүзүм жер карабайбы?!”-деп аудио да жөнөтүптүр.
- Advertisement -
Жумуштан жаңы эле келгем, өтө ачуум келип отурдум да, сабыр сактап үкөмө чалдым. Жооп берген жок. Байкуш жаны тынбай, бир малда, бир талаада, бир карасаң жалданып бирөөгө иштеп дагы башка жакта. Аны да туура түшүнүш керек деп аяп койдум ичимден.
Көп күттүрбөй кайра өзү чалды. Чөпкө кеткен экен, көпкө учураштык. Анан өзүм сөз баштадым.
– Апама эмнеге мындай мамиле кыласың? Берип кой дебедим беле? Азыр тойлой турган жашта….дедим
– Сиз мусаапыр болуп четте жүрөсүз, түшүнбөйсүз, билбей жатасыз. Акчаңыздан кайра-кайра алганын билип, анан эсептеп чыктым отуруп. 205 000 сом пайдасыз аш-тойлорго кетиптир. Ошончо да сарптайбы? Сиз талаалап жүрө беришиңиз керекпи?
Акылбек катуу буулугуп калган экен. Сөз бербей сүйлөдү мен да сөзүн бөлбөй угуп жаттым.
– Мен жалданып 3 ай иштесем да таппайм бул акчаны. Чөп, тоют камдаганга акча таппай жүрсөм, апам тойго алып барып чачып жатат. Же тою бүтпөй койду.
Анан санап кирди:
Жуучулук, сөйкө салуу, бата той, кыз узатуу, үйлөнүү той, кыз көрдү, отко чакырмай, төшөк жыйды.
Отуруштар: Ажы отуруш, умра отуруш, шерине, черный касса, аяш отуруш, устазалар менен отуруш, кошуналардын отурушу, ооруканада иштегендердин отурушу… дагы көп.
Той болгон сайын себет, сарпай, кийит, көйнөк, жоолук, кымбат конфет-печеньлер айтор дагы икир-чикири көп экен…
Эххх деп үшкүрүндүм. Акылбек жөн эле койчу. Каалашынча иштетсин, акча үчүн апамды тыйбачы деп койдум. Өмүр бою оруска кул болуп иштесем да апам оорубасын, көзү тирүү болсун деп ичимден көпкө ойлондум.
205 миң сом мен 3 айда тапкан акчам. Апам өзү да ойлонбойбу? Апаларга да ынсап бербесе кыйын экен. Мен го мейли, жашым 40тан өтүп калды. Жаш балдар жүрөт бешиктен бели чыга элек. Алар да мен өткөргөн нерсени баштан өткөрүп жүрүшкөндүр…
Сапарбек Мукаев,
Москва шаары
9-сентябрь, 2023-ж.