Россияда катталган жол кырсыктын кесепетинен Кыргызстандын эки жараны каза болду. Алар Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургундары болчу.
Багыш айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Ыкыбал Алимбекова Turmush басылмасына билдиргендей, каза болгон 2 айылдаштын бири кечээ, 6- февралда жерге берилсе, бүгүн, 7- февралда экинчиси акыркы сапарга узатылат.
«Жол-транспорт кырсыгы 4-февралда күндүз болуптур. Окуя болгон жерден видеолор келген учурда эле биздин айылдын жашоочулары экенин билдик. Каза болгон 2 адам Багыш айыл аймагынын Кызыл-Тyy айылынын тургундары болчу. Алардын бири 1993-жылы туулган айдоочу Б.Б. биздин кесиптешибиздин уулу болчу. Ал мындан 1 ай мурун Кыргызстанга ата-энесинин жанына келип, атасынын туулган күнүнө жаңы унаа белек кылган экен. Маркум көп жылдардан бери Россияда иштеп жүрүп, үй-бүлөсү ал жакта калган деп жатышат. Ал бир баланын атасы болчу. Экинчи перзентин күтүп жатканы айтылды. Кайра кетип жатып, айылдаш досун да чогуу алып кетиптир. Маркум бүгүн акыркы сапарга узатылууда.
Ал эми экинчи жашоочубуз 1992- жылы туулган Т.К. 2 уулдун атасы экен. Россияга иштегени бара жатканы айтылды. Ал кечээ жерге берилди. Айыл эли үчүн оор жоготуу болду.
- Advertisement -
Маркумдардан сырткары унаада Сузак районунун Көк-Арт айыл аймагынын 1998-жылы туулган тургуну бар деп жатышат. Ал тирүү калыптыр, бирок анын да абалы оор экени айтылды», – деди Алимбекова.
Буга чейин социалдык тармактарда Россиянын Пенза шаарына жакын жерде жол- транспорт кырсыгы катталып, «Тойота Камри» үлгүсүндөгү унаада бара жаткан кыргызстандыктар каза болгону тууралуу маалымат тараган.