“Шүгүр кылып жашайлычы!”
Ырчы Нурайым Акылбекова кыргыз элине кайрылуу жолдоду.
“Башка мамлекеттерге караганда биз кыйла эркин жашайбыз” деп билдирди ырчы Нурайым Акылбекова өзүнүн кайрылуусунда.
“Эч ким эч кимге тийишпейт, көчөдө милиция деле баспайт. Биз билген Кореяда (Түштүк Корея – ред.) көчөдөгү бир кызга бир мырза суроо узатып, 2 мүнөттөн ашып кетсе милиция кармап кетет. Кытайда бир адам жыгылып же чөгүп баратса да, ага эч ким тийбеш керек. Башка мамлекетте ар бир сим-картага патент төлөйт. Ал эми Тажикстандын кээ бир жерлеринде 8ден кийин свет күйгүзбөйт экен. Биз эркин мамлекетпиз, бизге баары суктанышат. Биздегидей арзанчылык башка өлкөдө жок”,-дейт ырчы.
- Advertisement -
Ал кошумчалагандай, туристтердин өлкөгө келиши мамлекеттин экономикасына зор салым кошот:
“Келип, эс алып жана тоолорубузду көргүсү келет. Ошондуктан биз да башка өлкөгө барабыз, бизге да сылык мамиле кылышын каалайбыз. Бизге туристтер келгени жакшы, экономикабызга дагы пайдалуу, таанылабыз. Айтор, баары жакшы болот!”
View this post on Instagram
Нурайым Акылбекова: Кыргызстандай арзанчылык эч бир өлкөдө жок
Leave a comment
Leave a comment