Мечиттердеги диний сабактарды өтүп жаткан Олжобай Алимбеков аттуу молдонун сабактары убактылуу токтотулду.
Анын сабактарыны токтотулушун, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго издөө жарыялаганы менен байланыштырууда.
Буга чейин Алимбеков диний жааттагы сабактарында Матраимовду актаган жана анын айыпсыз экенин айтып келгени белгилүү. Бирок, сабактары эмне үчүн токтотулганын расмий тактай элек.
- Advertisement -
Милиция кызматкерлерине Райымбек Матраимов тууралуу багыттама берилгени 26-январда белгилүү болгон.
Эске салсак, ошол эле күнү Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын азирети муфтийи кызматтан кеткен.
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев былтыр ноябрда Райымбек Матраимовду жана маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевди өлкөдө “мафия түзгөн” деп айыптаган.