⚡️Сот Райымбек Матраимовду 26-апрелге чейин камакка алды. Ал арада интернет желесинде Райымбек Матраимовго “бейишке жолдомо берген” диний аалым Олжобай Алимбековдун видеосу тарады.
“Райымбек Матраимовдун кыргыздын чыгаан, патриот жигиттеринин бири. Ал кишини кандайдыр бир себептер менен мурдагы жумушуна байланыштуу айыптуу дешти. Мамлекетке ошол чыгымды төлөп, тап-таза болуп чыкты, Аллахтын алдына жүзү жарык бойдон барат”-деген Алимбеков.
View this post on Instagram
- Advertisement -
27-мартта Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Миран Шерматов Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун бөгөт чарасын карап, 26-апрелге чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин убактылуу кармоочу жайында камакка алды.
Мурдагы бажычы өзү жана адвокаты коюлуп жаткан айып тууралуу комментарий берүүдөн баш тартты.