Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгын Москвадагы өкүлчүлүгү талашка түшкөнү эсиңиздерде болсо керек. Ошол кызмат былтыры талашка түшүп, ошол учурда аны жетектеп турган Сүйүмбек ажы Жусубалиевди кызматтан алышкан. Аны кызматтан алуу миссиясын бүгүнкү күндө муфтийдин милдетин аткарып жаткан Самидин кары Атабаев ишке ашырганы маалым. Жүйөө катары, Сүйүмбек ажы өкүлчүлүктүн атын жамынып, өзүнүн бизнесин гүлдөтүп жүргөнүн айтып жүрүштү.
Чубак ажы учурунда айткандай, “молдонун душманы – молдо” болуп ич ара тымызын согуш улана берди.
Кызматтан алынганынан кийин ичтеги арманын тааныш-билишчиликке салып, кайра ордуна отургусузуп коюусун суранып Орустун парламент төрагасына чейин барып арыз-муңун айтып келгени бар. Анысынан да майнап чыга бербеди. Кыргызстанга чейин келип, чоңдордун эшигин сагалап бара берди. Биздин беш-алты маселе чечкичке жоолукканына маашырланып кеттиби баякы өкүлчүлүк калып кетип, муфтий болууну кыялдана баштады.
Туура, “генерал болгусу келбеген аскер – ал аскер эмес” дегендей анын кыялданганы жаман көрүнүш эмес. Бирок кыялын ишке ашыруу үчүн чоңдорду ортого салганы менен, муфтийликтин бир дагы талаптарына жооп бербей турганына көзү жетти. Анткени, муфтий болууга ат салышканга бир канча талаптарына жооп бербейт. Мисалы, өзү РФ жараны деген маалыматтар бар жана муфтияттын курамында кеминде 5 жыл иштеши керек деген талапка да жооп бербейт.
- Advertisement -
Муфтий болууну катуу кыялданган Сүйүмбек ажы жан досу Бактияр ажы Шарапов менен тандем түзүп, тымызын иш жүргүзө башташат. Сүйүмбек муфтий болуу кыялын жашырбайт жана муфтиятка тымызын оппозиция болуп жүргөн Бактияр Шарапов аны минбардан колдоп турат. Бул муфтияттын кулагына кантип жетпей калсын, акыры Бактияр ажы имамчылык ордунан айдалып кетет.
Азыр эми эки достун тандеми ишке ашпай калгандай көрүнүп турат. Анткени, Самдиин кары Атабаевдин муфтий болору жана көптөн бери тапталып келатканы ачыкка чыкты. Ал эле эмес мындан бир жылдай мурда муфтийдин кызматтан кетери чечилип, ордуна келе турган Самидин кары Кинг-Конгдордун батасын алып койгон экен.
Муфтий болуу кыял бул жолу да ишке ашпаган Сүйүмбек ажы мунусунда кайра эле Москвадагы өкүлчүлүктө отуруп калууга бар аракетин жумшап жатканын эшиттик.
“Кул жеймин дейт куйрукту,
Кудайым билет буйрукту…”
Уладысы бар….