“Өзүңдү жең” тренинг борборунун жетекчиси Аксана Рыскуловага 180 000 сом акчасын алдаткан келиндин видеокайрылуусу тарады.
“Мен аябай күйүп-жанып изденип жүргөн учурда Аксана Рыскулованын “Өзүңдү жең” деген курстарына катышкам. Андан кийин “инвестициялык эсеп” дегенине окуучусу аркылуу 90 миң сом салгам. Кийинчерээк, “Best Way” (турак-жай кооперативинен – ред.) үй алууга 120 миң сом ата-энемдин акчасын салдыргам. Мен акыр аягында 30 миң сомду кайтарып алып, калган 180 миң сомумду ала албай калгам. Аксана Рыскулованын жарнамасы менен алданып калдым. Ошондуктан “акчаңды көбөйтүп берем” деген коуч жана психологдорго ишенбегиле”,-деп кайрылган.
Ал эми аты аталган Аксана Рыскулова бул боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.