Ырчы жана акыркы убактарда өзүн жизнеолог (жашоолог) катары тааныштырып жүргөн Бактыгүл Бадыева хейтерлерге нааразычылыгын билдирди.
“Кыйын болсоңор силер да түз эфирге чыгып, 200 адамга акыл үйрөткүлө. Бөлүшө турган оюңар болсо анда силерди эч ким кармаган жок. Мен тескерисинче кубанычта болом. Канчалык акылдуу адамдар көп болсо элибиз ошончолук бат өсөт. Баарын жамандап отура беребиз, президентти да жактырбайбыз. Же өзүбүз кыйратпайбыз!”,-деген Бадыева.