Эстрада ырчысы Айгерим Расул кызы Орусияда өткөн “Дүйнө айымы” сынагында баш байгени багындырды. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.
“Ураа! Жеңиш биздики. Алаахымдын каалоосу, элибиздин батасы менен “LADY WORLD” сынагында баш байгени утуп, “Дүйнө айымы” аталдым”, – деп жазды ал.
Ырчы буга чейин аталган сынакка 12 өлкөдөн 40 катышуучу чоң байгеге ат салышарын билдирген.
Ошондой эле “Дүйнө айымы” сынагына Кыргыз өлкөсү биринчи жолу катышып, ага алгачкылардан болуп бара жатканына сыймыктанарын айткан.