Журналист Баян Кулова аны сотко берерин айткан ырчы Анжеликага социалдык тармактагы баракчасы аркылуу жооп кайтарды. Журналисттин пикирин өзгөртүүсүз беребиз:
«Мени уже 20 жылга камап салдыңарбы Мен андай “тряпкелерге” теңелбейм, жайына койгулачы, бир оолугуп алсын. Айда жылда бир жолу мени 20 жылга соттотпосо башы ооруйт, оорусу кармап калыптыр да бечаранын. Өзү сот, өзү прокурор, өзү тергөөчү, өзү чечим чыгарат, чым коргондун оорулуусуна окшоп. Билимдүү киши бирөөнү каматам, жоготом дебейт. Соттордун эркинде болот, баары. Соттордун ал жинди жазуучу экөөбүздөн башка кылаар иши жок бекен. Крышасы тайып эле жинди улактай секирип атат. Эшектин тушоосун чече албайт, бир кыжаалат болбогула. Баары жакшы, баары сонун, эч ким чекемден черте албайт, колунан келбейт. ТЕҢЕЛБЕГИЛЕ, буюрса аны жиндиканада дарылашат, сакайып кетсин!»
Эсибизде болсо, ырчы жана жазуучү Анжелика акыркы жолу чыгарган китебине сын-пикир айткан журналист Баян Кулованы сотко бере турганын буга чейин социалдык баракчасы аркылуу айтып чыккан эле.