Ырчы жана жазуучу Анжелика Кайратова журналист Баяна Кулованы сотко берет. Бул тууралуу ал өзүнүн баракчасына жазды. “17.000$ сатылды китеби деп өрттөнүштү” деген ырчы.
“Укмуш сөздөрдү айтып, жазып, минткиле, анткиле” деп отура бербей, ЖАСАГЫЛА! Ишке биринчи өзүңөр ашыргыла! Живой пример болгулачы, алтындар дээр элем. Анан бир сасык журналист сымал бир аял болушунча шыбап жатат мени. Скриндерди көрдүм. Боорум ачыды, башка айлам жок. Эгерде китебим бир жериңе кирип жатса менден ашып китеп жаз! Миллион долларга сат! Колуңан келеби? Келбесе, мага кел бекер үйрөтөм. Менде душман жок, пейилим кенен!”,-деп жазган ырчы.
Ошондой эле журналистти сотко бере турганын кошумчалаган:
“Чынгыз Төрөкуловичтин атын, жаткан көрүнөн бери жазганы үчүн жазалансын! Баян Кулова деген сасыктыны жок кылуу оппоңой! СОТТО ЖЕҢИЛГЕНдердин катарын жакында бул дагы толуктайт. Штраф төлөй албаса камалат, билебиз!10-20жылга, Аллах таразалап түрмөгө кетирип салат анан.”
- Advertisement -
Эске салсак, журналист Баяна Кулова ырчы Анжеликанын китебин какшык аралаштырып, сынга алган постторду жазып келген.