Социалдык тармактарда эч кандай коопсуздук эрежелерин сактабаган курулуш жумушчусунун видеосу тарап жатат.
View this post on Instagram
- Advertisement -
Жумушчунун көп кабаттуу үйдүн үстүндө, жөн гана монолитке чапталган жыгачтын үстүндө жумуш кылып жатканын көрүүгө болот. Көрүнүп тургандай эч кандай коопсуздук эрежелери сакталган эместигин айтышып, интернет колдонуучулары муну катуу сынга алышууда.
Ал эми курулуш объектисин көзөмөлдөгөн Нуртилек Шакир уулу ар бир курулушчуну көзөмөлдөө мүмкүн эмес экенин айтты:
“Колумда эки жүз жумушчу иштейт. Баарына айтып, түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз. Бирок, баары эле эрежени сактай бербейт жана мунун баарын көзөмөл да кыла албайсың”