Социалдык тармактарда кафеден тамактанып, акчасын төлөбөй кеткени аз келгенсип, чайнекти уурдап кеткен аялдын видеосу кызуу талкууга түшкөн. Аталган видео Оштогу кафелердин биринде тартылганы айтылган.
Кафенин администратору Максат Карагулова “Мекендеш” порталына байланышып, видеодогу аялдын жакындары келип акчасын төлөп бергенин айтты:
“Биз дагы видеону чыгарууга мажбур болдук. Бир эмес үч жолу кайталанды. Же эсепти төлөбөйт, ал дагы аз келгенсип чайнекти уурдап кетет. Жашы дагы улгайып калган аял. Бала-чакасы, тууган-уругу жана куда-сөөгү бар болсо керек деп чыгарбай коёлу десек кайталана берди да. Айлабыз кеткенде акыры ушул жолго бардык. Видео тарагандан кийин эженин жакындары келип, келтирилген чыгымды төлөп беришти.”