Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев кызматтан бошотулду.
Мамлекет башчынын дагы бир жарлыгы менен ал транспорт жана коммуникациялар министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
48 жаштагы Абсаттар Сыргабаев буга чейин Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеген.
Абсаттар Сыргабаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин өкүл баласы катары да белгилүү.