Ырчы Бек Борбиевдин көңүлдөшү делген эки жаш кыз бири-бири менен ачык түрдө чабыша баштады. Алар кимдер жана алардын талашына эмне себеп болууда?
Бул эки сулуу кимдер?
Бирөөсү Бек Борбиев менен дует ырдап жүргөн 22 жаштагы жаш ырчы Назима Радбекова.
Экинчиси Кыргыз-Түрк “Манас” университетин бүтүргөн, учурда сулуулук салонунда иштеген Нагима Шаботоева.
- Advertisement -
Назима Радбекова өзүнүн стористери аркылуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына барып Нагиманын үстүнөн арыз жазганын айткан. Буга себеп, Нагима өтө чектен ашып, ага карата жалаа жаап, бирөөнүн үй-бүлөсүн бузуп жатат деп айыптаган.
Ал эми Нагима өзүнүн стористери аркылуу Назимага жооп кылып минтип жазды:
«Бир катын климакс болуп атыптыр, бираз чыдап коелу э, мээси ордуна келип калаар (надеюсь).” Итке тенелип ит болбо” дейтго кыргызда. Билгендер жазып коесунарбы климакс деген озу канча убакытка созулат? Же куйоого тийип кетсе да алаксып калат беле деймда байкуш»
Буга чейин Бек Борбиев менен Назима Радбекованын бир төшөктө чогуу жаткан видеосу тараган. Назима Радбекова аталган видеону Нагима Шаботоева таркатып жатат деп айыптап чыккан.