Бек Борбиев менен дует ырларды ырдап, жаңыдан таанылып келе жаткан ырчы Назима эсиңиздердеби? Ал мындан ары Бек Борбиевден бөлүнүп, өзүнчө ырдап чыгат. Бул тууралуу ырчы өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты:
“Урматтуу достор, бүгүн сиздерге кубанычтуу, бир чети өкүнүчтүү жаңылыгым менен бөлүшөйүн деп чечтим. Ырчы Бек Борбиев агайым менен сүйлөшүп, ушул күндөн тартып жеке чыгармачылык жолумду, карьерамды баштайын деп сүйлөштүк. Албетте, ыр заводу бар, мүмкүнчүлүктөрү чоң топтон бөлүнүп баратканым бир жагынан мага оңой эмес. Бирок Кыргыз шоу-бизнес деңизинде өзүмдү сынап көргөнүм да мага ырчы катары керек деп ойлойм. Кыйынчылыктар болоору шексиз, мен бала кезимден музыкалык мектептерде окуганымдын жардамы тийет деп ойлойм. Менин аз да болсо ыр күйөрмандарым болуп калды, буйруса жаңы ырлар менен келечекте көбөйөбүз, жакшы тилек жарым ырыс) Анан дагы бул чечимимди туура тушунуп, колдойсуздар деп ойлойм. Ооба Бек агайым менен таптакыр эле кол үзбөймүн, жакшы ырлардан жазып берип турат деп ишенем. Рахмат сизге Бек агай, чоң сахнада тушоомду ийгиликтүү кесип бергениңиз үчүн, ден соолукта болуп оорубаңыз, сиз бизге керексиз…”